Кыргыз тилинин тарыхынан



Pdf көрінісі
бет96/112
Дата06.08.2022
өлшемі1.73 Mb.
#278228
1   ...   92   93   94   95   96   97   98   99   ...   112
Байланысты:
Кыргыз тилинин тарыхынан

 
Муундар 
 
 
Кыргыз 
тилинде 
 
 
% менен 
 
Эстеликте 
 
% менен 
ачык (г, гг) 
жабык (гс, гсс) 
туюк (сгс, сгсс) 
баары 
161 
271 
1694 
2130 
7.61 
12.86 
79,53 
100% 
17 
49 
126 
192 
8,06 
23,81 
68,14 
100% 
 
 
Фонетикасы 
 
Ар бир тилдин фонетикалык курулушунун өз турпаты бар. Ал өзүнчөлүк 
белгиси башка тилдерге окшогон жана окшобогон фонетикалык системадан турат. 
Окшоштуктардын көп болушу тилдердин жакындыгын, аз болушу алардын 
алыстыгын белгилейт. Тилдердин фонетикалык системасы төмөнкүлөрдөн турат: 1. 
Тыбыш жана фонемалар; 2. Тыбыштардын сөз турпатында жайгаша турган 
орундары; 3. Тыбыштардын сөз тутумунда айкалыш тизими; 4. Тыбыштардын 
үндөшүү, үндөшпөө, метатеза, ээрчишүү жолдору. 5. Сөздөгү морфемалардын муун 
түзүлүш тизими. 
Байыркы түрк тилинде үндүүлөр – 8. Кыргыз тилинде – 14, созулма үндүүлөр 
ашык. Үнсүздөрү – 16, кыргыз тилинде – 21, бешөө ашык. Түшүнүктүү болсун үчүн 
адегенде үнсүздөргө токтололу. 
1
Бул пикир К. Дыйкановдун «Кыргыз фонетикасынын тарыхы» деген кол жазмасынан алынды.
Сөз түркүмү
бар сөздөр
жок сөздөр
жалпы сан
Зат атоочтор
152
162
314
Сын атоочтор
73
23
96
Сан атоочтор
25

25
Ат атоочтор
29
7
36
Этиштер
156
33
189
Тактоочтор
16
13
29
Жандоочтор 
Байламталар 
Тууранды сөз 
Сырдык сөз


– 

– 

– 

 


– 
– 
Жыйынтыгы
455(65,56)
239(34, 44%)
694 (100%)
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


Үнсүздөр үн жана шыбыштын катышуусу менен пайда болот. Аларды үч 
жагынан түркүмдөштүрүп кароо керек: 
1. Үн катышына жараша үчкө бөлүнөт: уяң үнсүздөр м, н, ң, л, рй; жумшак 
үнсүздөр б, г, д, з; каткалаң үнсүздөр п, к, т, с, ш, ч. Уяң үнсүздү айтканда үН көп, 
шыбыш аз; жумшак үнсүздө үн менен шыбыш бирдей; каткалаң үнсүздө үн аз, 
шыбыш көп жумшалат. Мындан бөлүштүрүү шарттуу түрдө алынса да, чындыкка 
жакындашат. 
2. Үнсүздөрдү жасалыш ордуна жараша үчкө бөлсө түшүнүүгө жеңил: 
Эринчилдер м, б, п; уччулдар н, лр, д, з, т, с, ш, ч; артчылдар й, ң, г, к. 
Эринчилдерди айтканда эрин катышат; уччулдар тилдин уч жагынан; артчылдар 
тилдин арт жагынан пайда болот. 
3. Жасалыш ыгына жараша: жарылма б, п, д, т, г, кч; жылчыкчыл зс, й, ш; 
мурунчул м, н, н; шуулдама ч, ш, с; капталчыл л, дирилдеме р болушат. 
Тыбыштардын өз алдынча бир өзгөчө белгиси болбосо, фонемалык касиетке ээ боло 
албайт. Мисалы: б, п, м – үчөө тең эринчил; бирок бири жумшак, жарылма (б); 
экинчиси каткалаң, жарылма (п); үчүнчүсү (м) уян жана мурунчул; буга мурунчул 
жагынан н, ң окшош болсо, мунун бири уччул (н), экинчиси түпчүл; түпчүлдүк 
жагынан ң тыбышына к, г [ жакындашат. Үнсүздөр мындай окшоштук жагына карап, 
биринебири түгөйлөш келишет. Түгөйлөш үнсүздөр [б(п) –м, й – д(т) –з, з (с) – р, 
ш(ч) – с, к – г(н), л –д –т ж. б. болуп] үндөшүп бири-бирине өтүп турат. Түгөйлөш 
тыбыштардын үндөшүп айтылышынан сөздөрдүн турпаты жаңыланып отурат. 
Маселен: байыркы түрк эскерткичтеринде мен дегенди бен, миң дегенди биң дейт. 
Ошо сыяктуу: бени «мени», бунча «мынча», буң «муң», бечин «мечин» болуп 
айтылса, булардын кийинки (жаңыча) айтылышы ал сөздөгү мурунчул (н, н) 
тыбыштардын таасиринде эринчил б түгөйлөш м тыбышына өтүп кетти. 
Байыркы тилде адгыр «айгыр», адак «айак», ыдык «ыйык», адыг «айуу» ж. б. 
деген сөздөр артчыл (г, к) тыбыштарынын тескери таасиринде андагы уччул д 
артчыл (й) түгөйүнө өтүп кетти. Ошентип д тыбышынын й тыбышына, б 
тыбышынын м тыбышына өтүшү аркылуу сөздүн турпаты өзгөрдү, бирок анын 
мазмуну кыймылдаган жок. Демек бул жерде «м» тыбышы «б» тыбышынын, «й» 
тыбышы «д» тыбышынын айтылыш варианты болуп калды. Ушу сыяктуу: ид деген 
сөз ис (из) «след болуп, тиг деген сөз тий «трогать» болуп, тег деген сөз дей 
«подобный», суб – суу, таг – тоо, шад – шай – шаа «шах» ж. б. болуп өзгөрдү жана сөз 
аягында жумшактардын кээде каткалаңдашып: идле эмес, исте; кышлаг эмес, 
кыштак болуп кетиши, бул үнсүздөрдүн позициялык ордунун өзгөрүшүнө алып 
келди. Эскерткичте: кыркыз азыркыча кыргыз, топла – топто, йоглат – жоктот, 
ашлык – аштык, астык, азык ж. б. сыяктуу болуп интервокалдык позицияда 
каткалаң үнсүздөрдүн жумшарышы, же жумшактын каткалаңдашы үнсүздөрдүн 
айкалыш тизимин өзгөртүүгө алып келди. 
Түгөйлөш с-ш тыбыштардын байыркыда түрдүүчө айтылышы, мисалы: киси – 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   92   93   94   95   96   97   98   99   ...   112




©melimde.com 2022
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет
Сабақтың тақырыбы
бойынша жиынтық
жиынтық бағалау
Сабақ тақырыбы
Сабақтың мақсаты
ғылым министрлігі
тоқсан бойынша
бағдарламасына сәйкес
бағалауға арналған
Сабақ жоспары
Реферат тақырыбы
жиынтық бағалауға
сәйкес оқыту
арналған тапсырмалар
Қазақстан республикасы
білім беретін
оқыту мақсаттары
бағалау тапсырмалары
республикасы білім
Жалпы ережелер
жиынтық бағалаудың
рсетілетін қызмет
бекіту туралы
тоқсанға арналған
Қазақстан тарихы
мерзімді жоспар
Қазақстан республикасының
арналған жиынтық
қызмет стандарты
болып табылады
жалпы білім
арналған әдістемелік
Мектепке дейінгі
оқыту әдістемесі
бағалаудың тапсырмалары
Қазақ әдебиеті
пәнінен тоқсанға
Инклюзивті білім
нтізбелік тақырыптық
Зертханалық жұмыс
Әдістемелік кешені
білім берудің
республикасының білім
туралы жалпы
Қазақстанның қазіргі
Қысқа мерзімді
Жұмыс бағдарламасы
атындағы жалпы
қазақ тілінде
қазіргі заман
туралы хабарландыру