«бут»+такь «тек, түп жагы»; байпак: тажикче по «бут» пак (кеп метатеза); демек –
байпак «буттун кеби» ж. б. Мындай сөздөр ир. белгисин талап кылат.
5. Сөздүктө төмөнкү сөздөргө ир. белгисин коюу керек. Мисалы: сөздүктө
кемсел р. деген сөздү орус тилине таандык кылат. Чындыгында тажик тилинде
кьам «чолок, кыска»+зул «жең». Бул сөз кыргыз тилине тажик тилинен алынган.
Кыргызча
белет «чыпта» эски татар тилинде билит (бил «билүү» + ит «этүү»). Бул
сөз (билет) орус тилине татар тилинен алынса; азыр мындай сөздөр кайра орус
тилинен түрк тилдерине алынып жатат.
6. Сөздүктө белги коюлбаган чет сөздөр бар. Мисалы:
маңгел ар. тилинде
мангал эки морфема (чалгы орок). Кыргызда
майнеке деген сөз жеке туруп маани
бербейт, ар. тилинде манйуке эки морфемадан турат. Мындай сөздөргө тиешелүү
белгилер коюлуу керек. Кыргыз тилинде
ылаң, ылаңда, ылаңги деген сөз бар. Ал
тажик тилиндеги ланг «аксак» деген сөзгө байланыш, ушул сөздөн Темирлан (Аксак
Темир) деген ылакап ат пайда болгон. Кыргыз тилинде
дублет, дублёр орус
тилинен алынса; чет тилдер сөздүгүндө
1
дублет фр. сөзү деп берилген. Чындыгында
индоевропа тилинде ду «эки» (
дутар эки кылдуу муз. аспап;
яктар бир кылдуу муз.
аспап; тажик тилинде як «бир», тар «кыл»). Мындай сөздөрдүн этимологиясы
индоевропалык негизге барат.
7. Морфемаларга так ажыратылбаган сөздөрдүн этимологиясын табуу кыйын.
Мисалы: кыргызча
кана «где», курд, тилинде кане. Бул сөздөргө: канча, качан,
кантип, кандай, кайсы деген сөздөрдүн уңгулары кошулат. Чыгыш тилдерине орток
колдонулган, жалпыга тең сөздөрдүн этимологиясы түрк тилдеринен табылбай
калса, аларды араб же иран тилдерине тиешелүү деп, белги коё салуу туура
болбойт
2
.
Сөздүн колдонушу басаңдап кетсе, анда анын мазмуну төмөндөй түшөт, же анын
айрым морфемалары унутула баштайт. Кээде сөздүн андай унутулган бөлүгүн издеп
табууга болот.
1. Айрым сөздөрдүн этимосу унутулуп, этимону (сөздүн азыркы мааниси) түрдүү
тилде түрдүүчө колдонулганы кезигет. Мисалы: кыргыз тилинде
нарын деген
сөздүн этимону «майда, жукалап тууралган эт», монгол тилинде нарйин «ичке,
жука» деген сын атооч маанисинде; түрк тилинде нарын «майда, жука тууралган эт».
Демек нарын субстантивация болгон сөз деп билүү керек. Кыргызда
даркан 1. уста
(эпосто), 2. ардактуу, 3. берешен деген мааниде колдонулат; монгол тилинде болсо,
дарх (ан) «регесло», дархан «мастер» деген маанини билдирет. Бул сөз дархан «уста
киши» болуп чыгат. Кыргыз тилинде
кунажын, кунан деген сөздөрдүн этимосу
унутулган; бул сөздөр ку-на-жын,
ку-на-н болуп, үч морфемадан турат. Монгол
тилиндеги гун (гурбан «үч») деген маани берет. Демек булардын уңгусу сан атооч
болуп чыгат. Байыркы убакта (урал-алтай доорунда) пайда болгон төл сөздүн
баштапкы мааниси
бир тилде сакталса, экинчи жерде унутулуп, же өзгөрүп кетиши
ыктымал. Кыргызча
жең «рукав»,
жетеле «водить за руку»,
жетек «руководство»,
Достарыңызбен бөлісу: