Кыргыз тилинин тарыхынан


сарай «белый дворец». Ошентип, мурдагы коргон (крепость) менен сарай



Pdf көрінісі
бет63/112
Дата06.08.2022
өлшемі1.73 Mb.
#278228
1   ...   59   60   61   62   63   64   65   66   ...   112
Байланысты:
Кыргыз тилинин тарыхынан

сарай «белый дворец». Ошентип, мурдагы коргон (крепость) менен сарай (дворец) 
деген сөздөр маани жактан бөксөрүп: короо, бастырма, кепе деген сөздөргө мурда 
антоним болсо, азыр теңелип синоним болуп калды. Буга кыргыздын өзү кошумча. 
Азыр бастырма менен кепе айтылбай калды. Сөз мааниси кеңейип, же төмөндөп 
отуруш – сөз жасоо категориясына айланат. Ошондой эле орусча атаман, мунун 
1
E. Н. Ш и п о в а . Словарь тюркизмов в русском языке. Алма-Ата, 1976. 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


эскиче мааниси «глава, вождь народных восстаний» (С. Разин); Др.-рус. ватамань 
(вотан ар. «родина», -ман ир. «человек») мекенди коргогон адам; азыркы мааниси 
«предводитель шайки». Орусча орда эски мааниси «ханская ставка», алтын ордо 
«золотая ставка», азыркы жаңы мааниси «баш аламан топ, каракчылар, талоончулар 
тобу», мисалы: разгром фашистских орд «фашист каракчыларын талкалоо» ж. б. 
Коомчулуктун мамилесине жараша айрым сөздөрдүн мааниси кеңейип, же 
төмөндөп отурат. Алсак, орус тилинде родина деген сөздүн башкы мааниси этимосу 
«туулган жер» (роди «рожать» – на «земля»; салыштыр: целина, долина, Украина ж. 
б.); азыркы колдонулуш мааниси, этимону «мекен», казакча «отан». Кыргыз тилинде 
мекен «родина», ата журт «отечество», ата конуш «отчизна» маанисинде. 
Отузунчу жылдарга чейин булардын орусчасы «родина» орус тилинде гана; 
кыргызчасы «мекен» кыргыз тилинде гана колдонулган. Кыркынчы жылдардан 
баштап булардын орусчасы кыргыздарга таанылып; «мекен» менен «родина»; 
«буйрук» менен «приказ» синоним маанисинде колдонула баштады (бирок, 
кыргызча «мекен» деген сөз орус тилине таанылган жок). Биз мындан ким-кимге 
таасир эткенин көрөбүз. Ал эми, «родина» деген сөз өзү келип кирген жок; аны 
кыргыздардын өзүлөрү ушундайча пайдаланып жатышат. Казакча отан, өзбекче 
ватан «родина» өз маанисинде. Демек, сүйлөмгө кошула берсе төл сөздөр чет сөздөр 
менен, эски сөздөр жаңы сөздөр менен алмашыла берет. 
Эртеги заманда журт «родина, страна» деген кең мааниде колдонулса (ата журт, 
ата конуш, эл-журт), кийин араб тилинин таасиринде журт деген сөздүн мааниси 
төмөндөп: 1. эл; 2. тууган-туушкандар; 3. боз үйдүн орду болуп өзгөрүлдү; орусча 
юрта «боз үй». Ошондой эле, эл деген сөз бир нече будундардын (элдердин) бир 
ордого кошулган мамлекеттик союзун билдирген, азыркы мааниси – «народ» (будун 
деген сөздүн ордуна колдонулуп калды). Бул жерде араб тилинен кирген мекен 
«журт» деген сөздү, мамлекет «эл» деген сөздү сүрүп чыкты. Сөздөрдүн мындай 
өзгөрмөлүү жагын тилчилер билишет. Эл болсо, өзүнүн учурундагы колдонуп 
жүргөн тике маанисинде гана түшүнөт. 
Эгер мындан ары «мекен» деген сөздүн ордуна родина колдонулса, мекендин 
«родина» деген этимону сөзсүз төмөндөйт. Анткени сөздүктө «мекен ар. убежище, 
пристанище, обиталище; ата мекен «отечество» деп, мазмуну бир аз төмөндөтүлүп, 
анын ордуна орусча «родина» берилген. Эми кийинки сөздүктөргө өзгөртүү 
кошулбаса, мекен жөнүндө жазылган бүгүнкү акындарыбыздын дастандары эртеги 
урпактарыбызга мазмун жактан бөксөрүп жете турган коркунучун эскертүү керек. 
Сөз маанисинин кеңейиши – бул лексиканын байлыгы, анын тилге бекемдеп
жаңыча жашоосун улантат. Сөз маанисинин төмөндөп, бөксөрүшү – бул архаизмге 
кеткен жол. Жаны кошулган синонимдер демейки сөздүн функциясын төмөндөтөт. 
Сөздүн турпаты менен мазмуну өзгөрмөлүү нерсе. Тилдеги сөздөрдүн маанисин 
кеңейтип прогресске карай, же функциясын төмөндөтүп регресске карай алып 
баруучулар – ошол тилди пайдаланып жүргөн коллективдин өзү; кээде сөз маанисин 
тилчилер да өзгөртүп таштайт. Тилдин байлыгы менен тазалыгы эл үчүн бир чоң 
дөөлөт, анткени адамдар тил аркылуу гана өзүнүн ким экендигин жана ички 
дүйнөсүн көрсөтө алат. Тилден сөз жоготкуча – толгон мүлктөн айрылган артык, 
анткени мүлктү, байлыкты жасоого болот, тилди жасай албайсыз! 
Алишер Навои сөз туурасында мындай деген: «Сөз дегенибиз – ал бермет, 
акындын жүрөгү болсо – деңиз. Мында ал өзүн көрсөтүп, өзүн толук өлчөмдө 
билдирет. Берметти деңизден суучулдар табып алышат, биз болсок, берметтин 
кандай сонун экендигин ал табылгандан кийин гана билебиз. Сөз да дал ошондой. 
Биз сөздү анын терең мазмуну боюнча, мааниси боюнча, көркөмдүгү боюнча 
баалайбыз» (Алишер Навои. Асарлар, 14-том. Ташкент, 1967, 105-бет). 
Биз сөздүн баркын Алишер Навои айткандай, жогору баалай билсек, элдин 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


тереңинде жаткан берметтей асыл сөздөрдү бирден терип коротпой, аны дал 
өзүндөй туура колдонсок, элдин алтын казынасына, сөздүгүнө сөз кошуп, кызмат 
өтөгөн болобуз. 
Тил саясатына түшүнбөгөн кишилер башка тилдерден даяр сөз алынса эле, аны 
ошол тилдин көрсөткөн «жардамы» катарында, материалдык байлык катарында 
санашат. Алар тилдин кылымдардан-кылымдарга такталып, тилдин өзүндө 
иштелип чыккан туруктуу закондору элдин материалдык байлыгынан жогору 
экендигин билишпейт. Сөз буюм сыяктуу каалаганда каалаганча алына берсе, анда 
тилдин тазалыгы үчүн күрөшүүнүн эмне кереги бар? 
В. И. Ленин «Орус тилин тазартуу жөнүндө» деген макаласында: «Биз орус тилин 
бузуп жатабыз, чет өлкөлүк сөздөрдү орунсуз колдонобуз. Аларды натура 
колдонобуз. Кемчиликтер, же жетишпегендиктер, же кемтиктер деп айтууга мүмкүн 
болгон кезде «дефектилер» деп айтуунун кандай кажети бар?» – деген
1
. Чынында 
эле, Ленин айткандай, эгер өз тилиңде төл сөздөр турса, анын ордуна башка бир 
тилдердин сөзүн пайдалануу – төл сөздүн жүйөлүү маанисин төмөндөтөт жана эне 
тилдин туруктуу элементтен бузат. Маселен, өткөн кылымда «жогорку» стиль деп 
аталган түрк адабий тилинде чет сөздөр 80–90%ке чейин көбөйүп, ага эл массасы 
жакшы түшүнбөй калгандан кийин, жыйырманчы жылдарда (Лениндин 
макаласынан кийин) түрк калкы эне тилинин тазалыгы үчүн күрөш жарыялап, чет 
сөздөрдү пайдалануу кескин түрдө азайтылган. Ошентип, түркиялыктар эне тилин 
кыйрап бузулуштан коргоп калышты
2
. Кимде-ким өзүн сүйсө, ал өз эне тилин таза 
кармап, жогору тута билиши керек, ансыз анын сүйүүсү текке кетет. 
1
В. И. Л е н и н . Чыгармалар, 30 том. Фрунзе, 1958, 325-бет.
2
Турецко-русский словарь. М., 1977, 6-бет. 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   59   60   61   62   63   64   65   66   ...   112




©melimde.com 2022
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет
Сабақтың тақырыбы
бойынша жиынтық
жиынтық бағалау
Сабақ тақырыбы
Сабақтың мақсаты
ғылым министрлігі
тоқсан бойынша
бағдарламасына сәйкес
бағалауға арналған
Сабақ жоспары
Реферат тақырыбы
жиынтық бағалауға
сәйкес оқыту
арналған тапсырмалар
Қазақстан республикасы
білім беретін
оқыту мақсаттары
бағалау тапсырмалары
республикасы білім
Жалпы ережелер
жиынтық бағалаудың
рсетілетін қызмет
бекіту туралы
тоқсанға арналған
Қазақстан тарихы
мерзімді жоспар
Қазақстан республикасының
арналған жиынтық
қызмет стандарты
болып табылады
жалпы білім
арналған әдістемелік
Мектепке дейінгі
оқыту әдістемесі
бағалаудың тапсырмалары
Қазақ әдебиеті
пәнінен тоқсанға
Инклюзивті білім
нтізбелік тақырыптық
Зертханалық жұмыс
Әдістемелік кешені
білім берудің
республикасының білім
туралы жалпы
Қазақстанның қазіргі
Қысқа мерзімді
Жұмыс бағдарламасы
атындағы жалпы
қазақ тілінде
қазіргі заман
туралы хабарландыру