Кыргыз тилинин тарыхынан



Pdf көрінісі
бет55/112
Дата06.08.2022
өлшемі1.73 Mb.
#278228
1   ...   51   52   53   54   55   56   57   58   ...   112
Байланысты:
Кыргыз тилинин тарыхынан

Жөнөкөйлөштүрүү 
«Ар кандай тилде тыбыш түшүнүктөрүнүн өз системасы, башкача айтканда, 
башка тилдердин системасынан айырмаланган фонема системасы бар»
3
. Тилде 
кылымдардан бери такталып келе жаткан ал системаны дароо өзгөртүп жиберүү 
мүмкүн эмес. Ошону үчүн айтылышы башкача тыбыштарды, же тыбыштык 
айкалыштарды эне тилдин үлгүсүнө жакындаштырып кабыл алуу бардык тилдерге 
мүнөздүү. 
Тыбыштык курулушу башкача сөздөрдү эне тилдин орфоэпиялык нормасына 
жакындаштырып сүйлөөнүн жолдору көп. Андай жол тилдин өзүндө. Биз тилдин 
грамматикасына көрсөтмө бере албайбыз. Мисалы, кыргыз тилинде: 
1. Тыбыштык составы бөлөкчө болсо субституция кылынат; мисалы: борщ – 
борш, абзац – абзас, абзасы, немец – немис, немисче. 
2. Айтууга тил келбесе апокопа кылынат. Мисалы: гимн – гим, митинг – 
митиңке, артист – артис, рецепт – ретсеп. 
3. Төрчүлдөр сөз аягында келсе каткалаңдашат. Мисалы: рейд – рейт, зонд – 
зонт, герб – герп, актив – актип, активи. 
4. Сөз аягында эки үнсүз келсе эпитеза болот. Мисалы: диск – диска, отпуск – 
отпуска, аванс – аванса, загс – закси, заксиге, акт – акта, повесть – повес, повеси, 
электрифицировать – электирлештирүү.
1
В. А. Д о б р о м ы с л о в, Д. Р о з е н ь т а л ь. Трудные вопросы грамматики и правописание, Учпедгиз, М., 1958, 112-бет.
2
Казак тили орфографиясынын негизги маселелери. Алматы, 1957; Уйгур тилиниң имла лугити, Алмута, 1969. 
3
М. М. М а т у с е в и ч . Введение в общую фонетику. М., 1959, 15-бет. 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


5. Эки үнсүздүн аралыгы эпитеза болот. Мисалы: жанр – жаныр, жаныры, пункт 
– пункут, пункуту, пункутту, тембр – тембир ж. б. 
Ушундай эле гаплология, парагогия, протеза ж. б. жолдору менен сөздөр 
жөнөкөйлөштүрүлөт. Жазылышы татаал чет сөздөрдү, же тыбыштык 
айкалыштарды эне тилдин орфоэпиясына жакындаштырып сүйлөө бардык 
тилдерге мүнөздүү нерсе. Чет сөздөрдү да төл сөздөй уккулуктуу жана ырааттуу 
кылып өздөштүрүп сүйлөө түшүнүүгө жеңил. Орус тили да ушундай, ал 
жөнөкөйлөштүрүү жолу менен чет тилдик сөздөрдү төл сөздөй кылып өздөштүрүп 
келе жатат. Башка тилдерден кирген сөздөрдү орус тилинде дейли, ошол чет
тилдик нормага салып (кыргызчаны кыргызча, немецчени немесче ж. б.) 
өздөштүргөн болсо, анда орус тилинин тыбыштык составына: ө, ү, ң кошулуп, 
фонетикасы өркүндөйт беле? Андай эмес. Орус эли канчалык көп элдер менен 
карым-катышта болбосун, ал өз тилинин орфоэпиялык нормасынан көп алыстап 
чыккан жок. Мына ушунун натыйжасында орус эли эне тилин чет тилдик 
субстраттан сактап, лексикасын байытып, грамматикасын тактап келе жатат. 
Кыргыз тилин да ушундай кароо керек. 
Жаратылыштын табигый закондорун үйрөнүп, аны кайра башкарган сыяктуу, 
тилдин закондорун терең өздөштүрүү менен анын өнүгүшүн камсыз кыла турган 
жолго салуу окумуштуу тилчилердин милдети. Тилчилер материалдык байлыкты 
өндүрбөгөнү менен эне тилдиң прогресске карай, же регресске карай бара жатканын 
байкап, аны жакшы жолго салуу менен элге духовный дем берет, же тетирисинче, 
тилдин эркин өнүгүшүнө тоскоолдук келтирет. Бардык илимдик ачылыштар элдин 
жыргалчылыгы үчүн кызмат кылса кыргыз тил илиминдеги ачылыштар кыргыз эли 
үчүн, анын тилинин тазалыгы жана өнүгүшү үчүн жол көрсөтүш керек. Андай жол 
коомчулук тарабынан талкууланып, колдоого алынбаса, ал илим кыймылсыз калат. 
Чынын айтканда, тилдин кыйын маселелери жөнүндө кантип эле талаш-тартыштар 
болбой койсун, ансыз илим өнүгө албайт. Ар ким өз тилинде эмгектенип жатып, 
анын тазалыгы, байлыгы, өнүгүшү ж. б. жактары жөнүндө кийлигишпей коюу – бул 
көңүл коштук, советтик тилчилерге мүнөздүү эмес. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   51   52   53   54   55   56   57   58   ...   112




©melimde.com 2022
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет
Сабақтың тақырыбы
бойынша жиынтық
жиынтық бағалау
Сабақ тақырыбы
Сабақтың мақсаты
ғылым министрлігі
тоқсан бойынша
бағдарламасына сәйкес
бағалауға арналған
Сабақ жоспары
Реферат тақырыбы
жиынтық бағалауға
сәйкес оқыту
арналған тапсырмалар
Қазақстан республикасы
білім беретін
оқыту мақсаттары
бағалау тапсырмалары
республикасы білім
Жалпы ережелер
жиынтық бағалаудың
рсетілетін қызмет
бекіту туралы
тоқсанға арналған
Қазақстан тарихы
мерзімді жоспар
Қазақстан республикасының
арналған жиынтық
қызмет стандарты
болып табылады
жалпы білім
арналған әдістемелік
Мектепке дейінгі
оқыту әдістемесі
бағалаудың тапсырмалары
Қазақ әдебиеті
пәнінен тоқсанға
Инклюзивті білім
нтізбелік тақырыптық
Зертханалық жұмыс
Әдістемелік кешені
білім берудің
республикасының білім
туралы жалпы
Қазақстанның қазіргі
Қысқа мерзімді
Жұмыс бағдарламасы
атындағы жалпы
қазақ тілінде
қазіргі заман
туралы хабарландыру