Кыргыз тилинин тарыхынан


ОРУС ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨР



Pdf көрінісі
бет38/112
Дата06.08.2022
өлшемі1.73 Mb.
#278228
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   112
Байланысты:
Кыргыз тилинин тарыхынан

ОРУС ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨР 
Тилдердеги лексикалык карым-катыш адам коомунун бардык мезгилинде 
географиялык чөйрөгө жараша болуп келген. Байыркы адамдар да чет тилде 
сүйлөгөн, калктар менен беттешип калганда алардын тилин билүүгө мажбур 
болушкан. 
Байыркы орус тайпалары христиан динин кабыл алганга чейин эле, чектеш 
жашаган түрк уруулары менен аралашып, мал багып, жер айдап, бири-бири менен 
соода кылып турушкан. Орус элинин маданиятына түрк элинин да таасири 
болгондугун ушул тилдеги түркизмдер менен далилдөөгө болот. Мисалы, орус 
тилинде көптөн бери карай колдонулуп келе жаткан: товар, табун, табур, бояр, 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


боярин, товарищ, атаман, орда, курган, кощей, жемчуг. дуга, колчан, сабля, сурма, 
тьма, тюрьма, ура! сыяктуу түркизмдер орус жазма эскерткичтеринде бар. Булардын 
ичинен: товар деген сөз орус тилине 992-жылдарда эле колдонулуп келсе, товарищ 
деген сөз 993-жылдан бери, ковер деген сөз 997-жылдан, ал эми сани деген сөз 947-
жылдан бери карай орус тилине белгилүү болгон
1
. Орус тилине: коза, козел, тюрьма, 
тьма, дуга, жемчуг XI кылымда алынган болсо; пирок, кумыс, сурна, толмач, ярлык, 
орда, собака деген сөздөр XII кылымда белгилүү болду. Орустарга: альтынь, деньги, 
казна, казначей, калита, караул, кулак, карий, бурый, кочевать, серга, мех, стакан, 
улус, колбаса, хозяин, ямщик деген сөздөр XIII кылымда эле алынган. Арак, базар, 
барабан, барсук, баурсак, гарбуз, кирпич, улан, шерсть, алый ж. б. деген сөздөр XIV 
кылымда; балта, ишан, колпак, лимон, мулла, султан, хомут, чемодан деген сөздөр XV 
кылымда; ага, барс, кукушка, паша, нефть XVI кылымда; аркан, бай, баран, капкан, 
караван, чай, чинара XVII кылымда; атаман, бакалея, каракуль, маяк, сарай, туман, 
урюк орус тилине XVIII кылымда алынган. XIX кылымдагы адабияттарда: сакман, 
той, шах, амир, палас ж. б. сыяктуу түркизмдер көп. Мындай мисалдар орус эли 
менен түрк калкынын карым-катышы эң мурда эле болуп келгендигин ырастайт. 
«Тарыхы жагынан Россия түрк уруулары менен эрте замандан тартып эле (Киев 
мезгилинен тартып, андан кийин Москва мамлекети мезгилинен тартып) маданий 
чарбачылык байланышта болуп келет»
2
. Алгачкы мезгилде түрк тилинде сүйлөгөн 
орустар да көп болгон. 
Тилдин сөздүк составы жазууда сакталбаган турмуштун нечен бир санжырасын 
чагылдырат. Орус тилиндеги түркизмдерди эми этимология жолу менен аныктаса
алар турпаты жагынан орусча терең өздөштүрүлүп, алардын чет сөз экени билинбей 
калган. Маселен орусча толмач кыргызча тилмеч (тил-ме-ч) уч морфема, түрк сөзү; 
орусча тесма кыргызча сызма, тасма, тисме ж. б. монгол тилинде тосам «тесемка» 
эки морфема; орусча кашар кыргызча кашаа, кашар, монг. каш «загораживать», 
орусча жесть «калдыркан, тунуке» кыргызча жез, тувин тилинде чес, монг. зэс 
«медь» ж. б. Мындай сөздөрдүн төркүнү кыргыз же казак тили эмес; булар жалпы 
алтай тилдерине барып кошулат. Орусча утюг кыргызча үтүк. Махмуд Кашгариде 
үтүк, өтүк (өтүк сыяктуу «отлык»), бул сөз орус тилине XVIII кылымда гана белгилүү 
болгон. Ошондой эле, кочерга, кочегар кыргыз тилинде күл чыгар «зола 
выгребатель»; орусча помощь кыргызча болуш, каз. болыс (бол-ыш) эки морфема; 
орусча залог кыргызча салык «налог» (сал-ык) эки морфема; орусча дуга кыргызча 
дого, тоого, монг. дугуй «круг, колесо»; орусча карий кыргызча кара, монг. хара; 
орусча чеканчеканка, кыргызча чеккич (таш чегүү); орусча торчать, кыргызда 
торсой, монг. торсойх (эки морфема) ж. б. 
Opуc тилинде түркизмдер көп. Дагы мисалы: куб «идиш» маанисинде, кувшин 
«кумура маанисинде», монгол тилинде хувин «кувшин»; кырг. тилинде күү, күп 
«сосуд ввиде кувшин», күпчөк «ведерка из верблюжей кожи», Махмуд Кашгариде күп 
«кувшин» булардын морфемалык бирдиги бар. Орус тилинде бугор, чув. тилинде 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   112




©melimde.com 2022
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет
Сабақтың тақырыбы
бойынша жиынтық
жиынтық бағалау
Сабақ тақырыбы
Сабақтың мақсаты
ғылым министрлігі
тоқсан бойынша
бағдарламасына сәйкес
бағалауға арналған
Сабақ жоспары
Реферат тақырыбы
жиынтық бағалауға
сәйкес оқыту
арналған тапсырмалар
Қазақстан республикасы
білім беретін
оқыту мақсаттары
бағалау тапсырмалары
республикасы білім
Жалпы ережелер
жиынтық бағалаудың
рсетілетін қызмет
бекіту туралы
тоқсанға арналған
Қазақстан тарихы
мерзімді жоспар
Қазақстан республикасының
арналған жиынтық
қызмет стандарты
болып табылады
жалпы білім
арналған әдістемелік
Мектепке дейінгі
оқыту әдістемесі
бағалаудың тапсырмалары
Қазақ әдебиеті
пәнінен тоқсанға
Инклюзивті білім
нтізбелік тақырыптық
Зертханалық жұмыс
Әдістемелік кешені
білім берудің
республикасының білім
туралы жалпы
Қазақстанның қазіргі
Қысқа мерзімді
Жұмыс бағдарламасы
атындағы жалпы
қазақ тілінде
қазіргі заман
туралы хабарландыру