зыяпат (угащение), кадим (древний), купуя (тайный), шам (лампа), эзел
(изначальный), усул (метод), сана (леточисление) ж. б.
Айрым сөздөрдүн кыргыз тилинде синонимдери да бар; колдонушта алар
атаандаш келишет: карып ар. (кирг. кедей, бакыр, жарды), жамы (баары, мүлдө,
бүткүл), майып (жарадар), шерик (дос, жолдош), асал (бал), парыс (милдет), арип
(тамга), ар (намыс), аалым (окумуштуу), дарыс (сабак), калаа (шаар), калет (ката)
калк (эл), собол (суроо), ыктыяр (эрк), ылажы (apгa), ырасым (салт), ысым (ат) ж. б.
Араб тилинен алынган сөздөргө эми орус тилинен кирген сөздөр синоним болуп
колдонула баштады. Мисалы: атыр (духи), мунара (башня), мартаба (авторитет),
макала (статья), мектеп (школа), дүкөн (магазин), даража (степень), кулк (характер),
табип (врач), танапис (перемена), нуска (экземпляр) ж. б. Мындай сөздөрдү стиль
жагынан туура пайдалануу керек. Маселен: таржымал «биография»; өмүр баян «бүт
өмүрү», танапис «перемена» (тана «дене», нафас «дем алуу», танапис «дегени
сергитүү»), перерыв «түшкү дем алуу», перемен «алмашуу, дем алыш», звонок,
«коңгуроо».
Айрым сөздөр эскирип колдонуудан четтетилип бара жатат. Мисалы:
кыргызчасы амир (орусча эмир), ажы (хаджи), азан, айт, аким, акырет, жаназа, зикир,
имам, казы, калпа, кары, кыямат, мажлис, медиресе. мударис, мупту, мүдүр, салабат,
сопу, султан, шариат, рамазан, дуба, келме.
Араб тилинен кирген, колдонушу «эскирип» калган сөздөргө төмөнкүлөрдү
кошууга болот: шарык (восток), уруят (свобода), касам (клятва), кыяр (огурец),
ибилис (сатана), аса (посох), кадак (фунт), калапат (победа), зилзала
(землетрясение) ж. б.
Эскирип калган тарыхый сөздөр да бар. Алар: арапа, ийбагат, мунажат, сура,
таберик, ынсан, жапирим ж. б.
Айрым сөздөр мазмуну жактан кыргыз тилине өзгөртүлүп злынган: даам ар.
«пища» (кирг. вкус), айбан ар. «скот» (кирг. лупый), казына ар. «сокровище госуд»
(кирг. богатство), кайыр аp. помощь бедняку (кирг. милостыня), кыбыла ар.
«стороны мекки» (кирг. северо-запад) ж. б.
Азыр толук жеңилген сөздөр да бар. Мисалы:
имла ар. кыргызча
орфография;
ынтыкан ар. кыргызча экзамен, сыноо, зачёт;
ыңкылап ар. азыр
революция,
көңтөрүш;
нокот ар. кыргызча
чекит; ушулардай эле: сынып (класс), кыса (повесть),
нөвөт (очеред), касыйда (ода), казал (лирика), замзам (минвода), күбөнаме
(свидетельство) ж. б. деген сөздөрдүн ордуна орусчасы көп колдонула баштады.
Араб тилинен алынган эски түшүнүктөгү сөздөр азыр архаизмге айлана
баштады. Мисалы:
микрап ар. мечиттин имамы отуруучу оюк жер (кафедрасы).
Достарыңызбен бөлісу: