Кыргыз тилинин тарыхынан


АРАБ ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨР



Pdf көрінісі
бет28/112
Дата06.08.2022
өлшемі1.73 Mb.
#278228
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   112
Байланысты:
Кыргыз тилинин тарыхынан

АРАБ ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨР 
К. К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» араб тилинин таасиринде пайда 
болгон сөздөр –2177, бул сөздүктүн 5,57% барабар. Кыргыз ысымдарында да араб 
сөздөрү көп кездешет. 
Түрк калкына, анын ичинде Кыргызстанда араб тилинин лексикасы менен 
ислам дини X–XI кылымдарда эле тарала баштаган деп болжоо керек. Буга 
Баласагунда туулган (азыркы Токмок калаасынын түштүк тарабында) хас хажиб 
«настоящий придворный камергер» деген наам алган Юсуптун 1069-жылы жазган 
«Кутадгу билик» аттуу дидактикалык дастаны күбө болот. Анын бул чыгармасы дин 
сөзү менен башталат. Тексттин өзүндө: вазир, вилайет, ва, вафасыз, давлет, халк, 
хурмат, худрет, сафар, сабр, маруват, задал, залим, лекин, китаб, хаким, халал, хажиб, 
хас, гайат, бейт, лафс, фазул, жуваб, маглум, малик, ахыр ж. б. сыяктуу араб тилинен 
кирген сөздөр токсон төрт
1
Махмуд Кашгари да өзүнүн «Диван лугат ит-түрк» деген 
чыгармасын жазганда араб сөздөрүн пайдаланбай таза түрк сөздөрүн колдонууга 
аракет жасаганын билдирет. Бул дагы ошол XI кылымда түрк тайпаларына араб 
тилинин лексикалык таасири бар экендигин ырастайт. Махмут менен Юсуптун 
жазган дастандарын лексикалык жана фонетикалык жагынан талдасак, өзбек 
тилинен да кыргыз тилине көп жакын экендиги байкалып турат. М. Кашгари ал 
«сөздүгүн» азыркы Токмок калаасы турган жерде жазып бүткөн. Ошол сөздүктүн 
тилин талдап изилдесек ал убактагы түрк тилдеринин диалектиси бир-бирине 
азыркыдан көп жакын экендиги оңой байкалат.
Араб тили генеалогия жагынан семит тилдерине жатат. Типологиялык жагынан 
филективдүү тил, кыргыз тилине жакындыгы жок. Мисалы илим деген сөздүн 
уңгусу «хлм», ушул уңгудан пайда болгон араб тилинде көп сөздөр бар, жогорку 
таблицаны караңыз
2.
 
Араб тили филективдүү тил болгондуктан андагы сөздөрдү морфемаларга 
ажыратуу кыргыз тилиндегидей эмес. Мисалы китеп, мектеп ар. тилинен алынган 
сөздөр; булардын уңгусу «ктб» үч тыбыштан турат. Ушул «негизден» жасалган араб 
тилинде жыйырмадан ашык сөз бар. Алар: китаб, катиб, кутуб, китаба, китаби, катб, 
кутб, кутуби, кутаиб, катиба, мукатиб, мукатаба, муктаби, миктаб, мактаб, мактаба, 
1
Э. Н. Наджип. Современный уйгурский язык. М., 1960, 18-бет. 
2
Жазууга тамга жетишсиз болгондуктан, транскрипция шарттуу түрдө берилди. 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


мактуб, мактуби ж. б. Булардын ичинен кыргыз тилине алынган эки гана сөз бар. 
Булар мектеп менен китеп, азыркы кыргыз тили менен араб тилдеринде бирдей тең 
колдонулган лексикалык параллел болушат. 
Араб тили семит тилдеринин түштүк бутагына кирет. Азыркы араб 
мамлекеттери: Ирак, Сирия, Ливан, Сомали, Иордания, Йемен, Судан, Ливия, Тунис, 
Алжир, Марокко, Саудов Аравиясы жана Бириккен Араб Республикасы, Мовретан 
ж. б. араб тилинде сүйлөгөн эл болжол менен жүз кырк миллиондон ашат. 
Тарыхы жактан араб тили: байыркы араб тили, классикалык араб тили, жаңы 
араб тилдери болуп үч доорго бөлүнөт. Байыркы араб тили III–V кылымдагы жазуу 
эстеликтеринде сакталган. Классикалык араб тилинин өсүп, жетилген доору VII–IX 
кылымдарга туура келет. Бул убакта жазылган араб тилиндеги адабий мурастар ото 
көп. Классикалык адабий тил өз учурунда Жакынкы Чыгыштагы жана Орто 
Азиядагы элдердин тилине таасирин тийгизе алды. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   112




©melimde.com 2022
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет
Сабақтың тақырыбы
бойынша жиынтық
жиынтық бағалау
Сабақ тақырыбы
Сабақтың мақсаты
ғылым министрлігі
тоқсан бойынша
бағдарламасына сәйкес
бағалауға арналған
Сабақ жоспары
Реферат тақырыбы
жиынтық бағалауға
сәйкес оқыту
арналған тапсырмалар
Қазақстан республикасы
білім беретін
оқыту мақсаттары
бағалау тапсырмалары
республикасы білім
Жалпы ережелер
жиынтық бағалаудың
рсетілетін қызмет
бекіту туралы
тоқсанға арналған
Қазақстан тарихы
мерзімді жоспар
Қазақстан республикасының
арналған жиынтық
қызмет стандарты
болып табылады
жалпы білім
арналған әдістемелік
Мектепке дейінгі
оқыту әдістемесі
бағалаудың тапсырмалары
Қазақ әдебиеті
пәнінен тоқсанға
Инклюзивті білім
нтізбелік тақырыптық
Зертханалық жұмыс
Әдістемелік кешені
білім берудің
республикасының білім
туралы жалпы
Қазақстанның қазіргі
Қысқа мерзімді
Жұмыс бағдарламасы
атындағы жалпы
қазақ тілінде
қазіргі заман
туралы хабарландыру