Кыргыз тилинин тарыхынан



Pdf көрінісі
бет22/112
Дата06.08.2022
өлшемі1.73 Mb.
#278228
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   112
Байланысты:
Кыргыз тилинин тарыхынан

жекир, жексен, жекчил деген сөздөр уңгулаш болот. Сөздүктө керең ир. «глухой» 
1
Тамганын жетишсиздигинен ар., ир., таж., монг., б монг., ж. б. мисалдары кыргызча терилет. 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


деп которулган. Бул сөздө эки морфема бар: кер (кьар ир. «глухой»), -ең (аң кирг. 
«сознание, мысли»), демек керең «сезими дүлөй» деген сөз болуп чыгат. Мындай ир. 
-кирг. белгисин талап кылган сөздөр – 882. 
4. Кирг. -ир. белгисин талап кыла турган сөздөргө мисал келтирели. Сөздүктө 
дөөпөрөс ир. «простак» деп которулган. Мында эки морфема бар: дөө (түрк 
тилдеринде дев «великан»), -перес (параст ир. «поклоняться, почитать»), демек 
дөөпөрөс, дөөпөрөс «түшүнүгү дөөнүкүндөй» деген мааниде. Ушул сөзгө: дөөдүр, 
дөөсүн, дөгүрсү, дөөкөр дегендер уңгулаш келет. Кыргызда деңканадеңгене ир. 
этн. «угощение в складчину; для которого покупается овца» деп которулган. Мунун 
морфемалары: дең (тең «ровный» төл сөз), -кана (хона ир. «помещение»), акчасын 
теп чыгарып, бир үйдө чогулуп жечү тамак, демек деңкана кирг. -ир. Белгисин талап 
кылат. Мындай сөздөр – 108. 
Кыргыз лексикасында иран тилдеринен алынган сөздөр аз эмес. Биздин 
замандын башында енисейлик түрк тайпалары менен согдияндар (согдак 
«согдийцы»), тибеттиктер (Түпүт «Тибет»), тажиктер (тезик Тоң, 45) ж. б. элдердин 
карым-катышы бар экендигине күмөндүүлүк жок, буга Күлтегин менен Тонукүк 
эскерткичтери күбө болот
1
. Кыргыз тилиндеги иран сөздөрү жөнүндө К. К. Юдахин 
мындай деген. «Иран сөздөрүнүн бардыгынын түпкү чыккан булагы персиялык деп 
көрсөтүүгө биз адат алып кеткенбиз. Мисалы: менин «Кыргызча-орусча сөздүгүмдө» 
башка тилдерден кирген сөздөр кезиккен кезде ал сөздөрдүн кайсыл тилден 
экендиги көрсөтүлгөн. Башка тилдерден кирген сөздөрдүн түпкү чыккан тегин 
белгилөөдө мен адат болуп калган 
ката 
жол менен кеткем. Ошондуктан, шаар 
«город», бак «сад», шак «ветвы» деген ж. б. көп сөздөр персиялык деп белгиленген. 
Кыргыздар качан персиялыктар менен катнаш 
болуп 
турушкан жана кыргыз 
тили фарсы тилинде жазылган китептердин таасири астында боло алды беле? деген 
суроону берүүгө боло
т. Парсылар 
менен кыргыздар эч качан тикеден-тике каты
шта 
болгон эмес.
Персиялык китепт
ерди болсо би
рин-серинн гана кишил
ер түшүнө 
алышкан. 
Эгер кыргыздар ирандык маданияттан дагы бир нерсени алышкан болсо, анда ал 
маданият биздики, 
Орто 
Азиялыктардыкы, ал тажиктердин жана алардын ата-
бабаларынын маданияты. Өзбектер менен казактар жөнүндө да ушунун эле өзүн 
айтууга болот. 
Демек, Орто Азиялык түрк тилдериндеги ирандык лексикалык элементтердин 
негизги массасы дегеле парсылардан эмес. Орто Азиянын ирандык элдеринен, 
биринчи кезекте тажиктерден алынган. Бул жагынан түркмөндөр өзгөчө абалда 
турушат. Анткени түркмөндөр эчаккы замандан тартып эле парсылар менен 
катнашта болушкан»
2
– дейт. Бул пикир азыркыга салыштырганда туура, бирок 
ошол өткөн доордогу тажик менен өзбектердин негизин түзгөн тайпалардын тили 
өзүнө тектеш уруу, тайпалардан көп ажыраган эмес. Ошондой эле түркмөндөр менен 
персиялыктар ж. б. элдердин азыркы тили байыркыдай эмес. Байыркы иран калкына 
коңшу жашаган түрк тайпалары менен, түрк калкына кошуна жашаган иран 
тайпаларынын өз ара тилдик карым-катышы болбосо, ал тилдер азыркыдай улуттук 
тилге өсүп жетилмек эмес. Тектеш диалектилердин өзүнчө тил болушуна элдик 
союздун түзүлүшү негиз болот. Тектеш тилдер ошентип пайда болгон. Байыркы 
өзбек, кыргыз тайпаларынын таасири болбосо, азыркы тажик тили; ошондой эле, 
байыркы тажик тайпаларынын тилдик таасири болбосо, өзбек тили азыркысындай 
болмок эмес. Тектеш эмес тилдердин таасирлери түрдүү аймакта түрдүүчө 
болушунан келип, байыркы баба тил улам акырындап өзгөрүлүп отуруп, ушул 
абалга жеткен. Кыргыз тилиңдеги иран сөздөрүн талдоо үчүн тажик тилине 
1
С. Е. М а л о в. Памятники древнетюркской письменности. М.–Л., 1951.
2
К. К. Ю д а х и н. О киргизском термине акын. Академику В. А. Гордлевскому к к его семидесятипятилетию, сборник 
статей. М., 1953, 328-бет.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


салыштыруу түшүнүүгө жеңил болот. 
Сөздөрдүн бир тилден экинчи тилдерге өтүшү үчүн адегенде ошол элдердин 
таасир кыла турган маданий, же экономикалык фактору болуу керек. Мына ошол 
факторлор лексикадан байкалат. Пекарский: «Тайпанын тили дегенибиз – ал бүткүл 
тушунун көрсөтүлүшү, ал музей, анда ал тайпанын жана жогорку даражадагы акыл 
турмушунун бардык чогултулган»
1
 – дейт. Кыргыз тилине өздөштүрүлгөн чет 
өздөрдүн лексикалык маанисин талдасак, ошол элдердин маданий таасирин 
тааныган болобуз. Кыргыз тилиндеги иран сөздөрүнүн түшүнүк мааниси араб 
сөздөрүнөн башкача, тажик тилиндеги түрк сөздөрүнүн түшүнүк мааниси дагы бир 
башкача маданиятты баяндап турат. 
Кыргыз тилине кирген иран сөздөрүн тажик тилине, тажик тилиндеги түрк 
сөздөрүн кыргыз тилине салыштырсак, ал сөздөр негизинен эне тилдин тыбыштык 
үлгүсүнө салынып отурганын көрөбүз. Мисалы: кыргызча бөдөнө «перепелка», 
тажик тилинде бедона «перепел», кыргызча беде «клевер», тажикче беда «сухой 
клевер, сено»
2
. Ушундай эле кыргызча маки «перочинный нож», тажикче поку 
«бритва» ж. б. Ошентип, сөздөр кээде маани жактан да өзгөртүлүп отурат. Булардын 
кайсынысы туура? Ар бир тилдин өзүнүкү өзүнө туура. Мисалы, кыргыз тилине 
алынган айрым сөздөрдүн семантикалык мааниси тажик тилине окшобойт. 
Салыштырып көргүлө: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   112




©melimde.com 2022
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет
Сабақтың тақырыбы
бойынша жиынтық
жиынтық бағалау
Сабақ тақырыбы
Сабақтың мақсаты
ғылым министрлігі
тоқсан бойынша
бағдарламасына сәйкес
бағалауға арналған
Сабақ жоспары
Реферат тақырыбы
жиынтық бағалауға
сәйкес оқыту
арналған тапсырмалар
Қазақстан республикасы
білім беретін
оқыту мақсаттары
бағалау тапсырмалары
республикасы білім
Жалпы ережелер
жиынтық бағалаудың
рсетілетін қызмет
бекіту туралы
тоқсанға арналған
Қазақстан тарихы
мерзімді жоспар
Қазақстан республикасының
арналған жиынтық
қызмет стандарты
болып табылады
жалпы білім
арналған әдістемелік
Мектепке дейінгі
оқыту әдістемесі
бағалаудың тапсырмалары
Қазақ әдебиеті
пәнінен тоқсанға
Инклюзивті білім
нтізбелік тақырыптық
Зертханалық жұмыс
Әдістемелік кешені
білім берудің
республикасының білім
туралы жалпы
Қазақстанның қазіргі
Қысқа мерзімді
Жұмыс бағдарламасы
атындағы жалпы
қазақ тілінде
қазіргі заман
туралы хабарландыру