Кыргыз тилинин тарыхынан



Pdf көрінісі
бет1/112
Дата06.08.2022
өлшемі1.73 Mb.
#278228
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   112
Байланысты:
Кыргыз тилинин тарыхынан





К. ДЫЙКАНОВ 
 
 
 
КЫРГЫЗ ТИЛИНИН 
ТАРЫХЫНАН
ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ ҮЧҮН 
ФРУНЗЕ «МЕКТЕП» 1980 
 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


81.2 Ки–3 
Д 87 
Дыйканов К.
Д 87 Кыргыз тилинин тарыхынан: Жогорку окуу жайлары үчүн. – Ф.: Мектеп, 1980. 
–156 б.
«Кыргыз тилинин тарыхынан» деген бул окуу куралы филология факультетинин 
студенттерине, тил-адабият мугалимдерине арналат. 
Кыргыз тилинин лексикасында байыркы орхон-енисей доорунан тартып, ушул күнгө 
чейин жашап келген төл сөздөр менен башка тилдерден кабыл алынган чет сөздөр 
этимологиялык жана статистикалык планда берилди. Фонетика менен грамматиканын 
тарыхы берилген жок. 
ББк 81.2 Ки–3 
4С (Кирг) 2
©
«Мектеп» басмасы 1980-ж. 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


КИРИШҮҮ 
Тилдин тарыхы элдин тарыхы менен, элдин тарыхы тилдин тарыхы менен 
тыгыз байланышкан. Анткени тил ар дайым өз коллективи менен бирге жашайт. 
Коллективдин өсүшү менен өнүгөт, бөлүнүшү менен майдаланат. Салыштырып 
айтканда, көп майда суулар кошулуп дарыя болгон сыңары, тектеш диалектилердин 
биригиши – тилдин өнүгүшү; тетирисинче, тилдин диалектиге майдаланышы – 
анын талкаланышы, улуу дарыянын каналдарга таралышына окшойт. Эгер 
коллектив өз тилин таштап, башка тилге өтсө, анда ал тил жашоосун токтотот, 
Жашоосун токтоткон тилдин эсебинен экинчи тил өкүлдөрүнүн саны көбөйөт. Жок 
болуп, колдонулбай калган «өлүү» тилдерди жазуу эскерткич
теринен
гана 
кезиктирүүгө болот. 
Жазуу эскерткичтеринде сакталган «өлүү» тилдер, мейли ушул азыр да жашап 
турган «тирүү» тилдер болсун, алар структурасы жагынан бири-бирине 
жакындашат, же биринен-бири айырмаланышат. Тилдердин гениологиялык 
жакындыгы, же бөлөкчө экендиги алардын грамматикасы менен тыбыштык 
курулушунан жана сөздүк фондусунан таанылат. Анткени «Грамматикалык түзүлүш 
менен негизги сөздүк фондунун бирдейлиги гана тилдердин тикеден-тике тектеш 
экендигин ырастайт... Тектеш тилдер дайыма түз эле бирдиктүү бутактан келип 
чыгат»
1

Н. А. Баскаковдун классификациясы боюнча азыркы кыргыз тили фонетикалык
лексикалык өзгөчөлүгү жагынан чыг
ыш
түрк 
элдеринин
кыргыз-
кыпчак тобуна кирет
2

Кыркыз будуну (эли) 
жөнүндөгү кабар орхон-енисей эскерткичтеринен белгилүү. 
Бирок андагы кыркыз тили ошол кездеги түрк та
йпа
лары
нын
тилдеринен аж
ыраган 
эме
с, бардыгынын тилдери бирдей болгон. Аны ошол кезде жазылып калтырылган 
эскерткичтердин өзүн салыштыруу менен билүүгө болот. Азыркы кыргыз тили 
ошол байыркы көөнө тилден бөлүнүп чыккан.
Түрк тилдеринин жакындыгы синтаксистик конструкциясынын 
бирдейлигинен, сөз өзгөртүүчү, сөз жасоочу категорияларынын окшоштугунан, 
тилдердин фонемалык түзүлүшүнөн жана лексикадагы төл сөздөрдүн орток 
экендигинен байкалып турат. Ошол жалпылыкка туура 
кел
беге
н фо
нетикалык, 
л
ексикалык
ай
ырмачылыктар – 
тарых
тын кийинки бир катар мезгилинде пайда болгон көрүнүш. 
Ал көрүнүш азыркы тилдердин өзгөчө белгисине 
айланды. 
Фридрих Энгельс «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип 
чыгышы» деген эмгегинде Түндүк америкалык индеецтердин тарыхына кайрылып 
мындай деген: «Түндүк америкалык индеецтердин мисалынан биз мына буларды 
көрөбүз: адегендеги бирдиктүү бир тайпа, бара-бара учу-кыйры жок өтө зор 
материкке тарайт; тайпалар бөлүнүп-бөлүнүп отуруп, элдерге, тайпанын толуп 
жаткан группаларына айланат; тилдердин бири-бирине түшүнүксүз болгондугу 
мындай турсун, ошону менен бирге адегендеги биримдүүлүгүнүн дээрлик изи да 
калбай тилдер өзгөрүп кетет; ошону менен бирге тайпалардын ич
инде айрым бир 
уруулар би
р канча уруктарга бөлүнүп, мурдагы энелик уруулар фратрия түрүндө 
сакталып калат; бирок, ошондой болсо да мурдагы аксакал уруулардын аттары 
биринен-бири обочолонуп алыс турган, биринен-бири эчак эле бөлүнүп кеткен 
тайпаларда да ошол бойдон кала берет – карышкыр менен аюу деген наамдар 
1
Р. А. Б у д а г о в. Очерки по языкознанию. М., 1953, 259-бет. 
2
Н. А
Б а с к а к о в .
Тюркские языки. М., 1960, 210-бет. 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


бардык индеец тайпаларынын көпчүлүгүндө али да болсо уруунун аттары болуп 
келе жатат»
1
. Фридрих Энгельстин бул айткан теориялык жобосу бүткүл тектеш 
тилдердин тарыхына ылайык келет. 
Биздин замандын башындагы хун доорунда түрк тилдеринин жалпылыгы 
көбүрөөк орун алса; VI–VIII кылымдарда тилдеги о-у, ш-с тыбыштарынан болгон 
фонетикалык дублеттер (мисалы: от – ут «огонь», бөри – бүри «волк», киши – киси 
«человек») диалектилик 
мүнө
згө айлана 
баштаган. 
Мындай көрүнүш байыркы түрк 
жазуу эскерткичтеринен жана Махмуд Кашгаринин «Диванынан» байкалып турат.
Проф. Р. И. Аванесов Фридрих Энгельске таянып, тилдеги диалектилердин пайда 
болушун мындай түшүндүрөт: «Тайпалардын өнүгүшү тайпалык диалектинин 
өнүгүшүнө да себеп болот. Тайпалардын өнүгүшүндөгү процесс алардын үздүксүз 
бөлүнүшү, тарап-тарап кетиши болуп саналат; калк өскөн сайын жана территориясы 
чачыраган сайын тайпалар бөлүктөргө таралат да, алардын ар бирөөнүн өзү тайпа 
болуп калат. Тектеш тайпалар мына ушинтип түзүлөт. Тайпанын бөлүнүшүнүн 
натыйжасында тайпанын диалектиси да бөлүнөт – тектеш диалектилер түзүлөт». 
Мына ошол диалектилердин тобу, же айрым бири адабий тилге негиз кылып 
алынса, алар улуттук тилдин таянычы болот. Улуу Октябрь революциясынан кийин 
жазмасы жаңы өнүккөн түрк калктарынын улуттук түзүлүшү мына ушул тилдик 
демократияга негизделген
2

Тектеш тилдер арасында канчалык айырма болуу керек? Диалектилик 
көрүнүштө канчалык айырма болуу керек? Так айтканда, тил менен диалектинин, 
наречие менен говордун
кандай айырмасы бар? Булардын чеги барбы? Бул суроолорго 
так жооп бериш өтө кыйын. Анткени айрым тилдердеги диалектилерге караганда 
кээ бир түрк тилдеринин бири-бирине жакын экендиги сүйлөшкөндө байкалып 
турат. Бул тилдердин жалпы келип чыгышы алардын грамматикалык түзүлүшү 
жана сөздүн составынын жакын экендигинен көрүнөт. 
Азыркы түрк тилдери менен байыркы тилдин сөздүк составы бирдей эмес.
Көөнө
тилде төл сөздөр көп, жаңы тилдерде анын бир канчасы унутулган же чет сөздөр 
мен
ен алмашт
ырылган. Бир тилде сөздүн эскиче мааниси толук сакталса
экинчисинде сөз мааниси кеңейтилген, же 
бөксөргөн
. Үчүнчүсүндө ал сөз таптакыр 
колдонулбайт ж. б. Ошентип, сөздүк состав улам жаңыланып отуруп, тилдин өрүшү 
ушул а
балга жет
кен. Тилдердин өмүрү аны пайдаланган калктын улуттук 
маданиятына жана ал тилдин коомдогу аткарган кызматына байланышат. Бул 
жөнүндө Я. В. Лоя мындай дейт: «Тил дегени
биз коомдук көрүнүш
, ал жаратылыш 
организми эмес. Тилдер ал тилди колдонуп турган коомдук коллектив менен, эл 
менен бирге пайда болот жана өнүгөт. Тил же эл менен бирге жок болот же эл башка 
тилди кабыл алса, ал колдонуудан чыгат; же дагы эле өз эли менен бирге түбөлүккө 
өмүр сүрүп, өнүгө берет. Колдонууд
ан эчак эле чыгып калган 
«өлүү» тил, эгер аны 
күндөлүк турмушта колдоно турган 
эл та
была турган болсо, кайра жаңыдан жашай 
баштайт. Акырында, тилдин фактылары маани менен органикалык түрдө 
байланышкан, табигый илимдер болсо маанинин проблемасын билишпейт
3

Ошентип тилдин өмүрү, өлүп-өчпөстүгү – аны керек кылып, пайдаланып жаткан тил 
коллективинин ыктыярында. Буржуазиялык коомдо (элдердин ыктыяры, укугу 
чектелген жерде) майда улуттардын тилдери керек кылынбайт. Тилдин сөздүк 
составы жардыланып, колдонууга жараксыз болуп кедейлениши – ал тилдин жок 
болуп бара жатканын көрсөтөт. 
Бизде, СССРде «элдердин бир туугандык достугунун жана өз ара ишеничинин 
шарттарында улуттук тилдер тең укуктуулуктун жана бирин-бири байытуунун 
1 К. М а р к с, Ф. Э н г е л ь с. Эки томдон турган чыгармалар, II том. Кыргызмамбас, 1960, 282-бет. 
2
Р. И. А в а н е с о в. Очерки русской диалектологии, часть I. М., 1949, 22-бет. 
3
Я. В. Лоя. История лингвистических учений. М., 1969, 60-бет. 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


негизинде өнүгөт». 
Дүйнөдөгү ар бир тилдин структуралык өзгөчөлүгү бар. Алар сөз өзгөртүү, сөз 
жасоо ж. б. мүмкүнчүлүгү жагынан, бири-биринен ашык, же кем эмес. Бул жагынан 
тилдердин бардыгы бирдей. Тилдер бири-биринен коомдо аткарган кызматынан, 
байланыш функциясы жагынан айырмаланышат. Ушул замандагы ири тилдерге: 
англис, орус, нем
е
ц ж.
б. к
ирет.
Булар бир жагынан башка тилдердин эсебинен 
өздөрүнүн лексикасын байытып, грамматикасын тактап келишсе; экинчи жагынан, 
башка тилдерге өздөрүнүн таасирин тийгизип отурат. Тил өз коллективинин аз же 
көп экендигин, кандай экендигин тандабайт, бардык коомдо, бардык тап тарга 
бирдей кызмат кыла турган улуттук көрүнүш. 
Улуттук республикаларда жергиликтүү тил менен бирдикте орус тилинин катар 
колдонулушу тилдер арасындагы лексикалык карым-катышты күчөтүп жатат. 
Революцияга чейин кыргыз тилине орус тилинен саналуу гана сөздөр алынса, азыр 
орус тилинен алынган термин сөздөр өндүрүштүн бардык тармагында колдонулат. 
Араб, иран тилдеринен сөз алуу 
токтотулду
. Эски маанидеги сөздөрдүн колдонулушу 
азайды ж. б. Мындай жаңылыктар тилдин 
табиятын
өзгөртпөй 
койбой
т. 
Кайсы тилди албаңыз, андагы чет сөздөр сан жагынан бирдей эмес. Бир тилде 
чет сөздөр көп болсо, экинчи тилде аз жана ал сөздөрдүн тыбыштык турпаты, кээде 
семантикалык мазмуну да өз булагынан башкача болуп өздөштүрүлгөн. Тилдердеги 
мындай айырмачылыктардын көп болушу жакын диалектилерди же тилдерди 
бири-биринен дагы алыстатып отурат. Маселен: кыргыз тилине салыштырганда 
татар, башкыр тилдеринде орус тилинен алынган сөздөр көп; өзбек тилинде иран 
тилдеринин элементтери көп. К. К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүн» 
карасак, андагы сөздөрдүн 
5,75%
и араб тилинен, 6,56%и иран тилинен, 10,52%и 
орус тилинен алынган сөз экенин көрөбүз. Ал эми «Советтик Кыргызстан» 
газетасынын бир номерин санасак, андагы жалпы сөздөрдүн 18–20%и орус тилинен 
алынган сөз экенин көрөбүз. Мына ушу жагынан да тектеш тилдер бирдей эмес. 
Кыскасын айтканда, азыркы кыргыз тили, ошондой эле, башка түрк тилдери да 
өзүнүн тарыхында мындай субстратка тилдин бардык доорунда учурабай калган 
жок.
Башка тилдерден алынган сөздөр лексиканы сан жагынан байытып тим 
калбайт. Алар өздөрү менен кошо тыбыштык жаңы айкалыштарды, муундун жаңы 
түрлөрүн, кээде жаңы фонемаларды да ала келишет. Ошентип барып төл сөздөгү 
тыбыштарга да өздөрүнүн таасирин тийгизет. Кыскасы, чет сөздөр эне тилдин 
тыбыштык түзүлүшүнө таасир этүү менен жаңы морфемалардын пайда болушуна 
негиз болот. 
Тил тарыхында лингвистикалык ички себептер да маанилүү орунду ээлейт. 
Алсак, эне тилинде сүйлөгөн адамдардын речи ар дайым бирдей эмес. Бир эле 
адамдын үйдө сүйлөгөнү менен көпчүлүктө сүйлөгөнү тактык жагынан 
айырмаланат. Өз айылындагы жергиликтүү адамдар менен байланышы чектелген 
кишинин речине караганда эл кыдырган адамдын речинде улуттук тилдин 
жалпылык элементтери көп. 
Тилде жер
гил
иктүү норма менен ч
ектелгендик 
диалектилик белгинин жашай беришине жардамчы болот. Диалектилер арасындагы 
лексикалык, фонетикалык айырмачылыктар жоюлуп, өз учурунда адабий нормага 
салын
ып тур
баса, ада
бий тил
дин өрүшүнө тоскоолдук келтирет. Кыргыз тилиндеги 
созулмалар, казак тилиндеги дифтонгоид өзбек тилиндеги диэреза жана казак, 
кыргыз тил
деринде шуулда
ма үнсүздөрдүн (с, ш, ч) алмашылып колдонулушу; тектеш 
тилдерде сөз башында түгөйлөш үнсүздөрдүн алмашылышы; сөз аягындагы 
каткалаң үнсүздөрдүн интервокалдык позицияда жумшарып, же жумшарбай 
айтылыштары ж. б. сыяктуулар ошол ички себептин натыйжасында пайда болгон 
кийинки кубулуштар. Азыркы тилдердин улуттук өзгөчө белгисине айланып отурат. 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


Тилдин тарыхын үйрөнүүдө сөздөрдү этимологиялык жагынан иликтеп, 
алардын маанисин коомдун тарыхы менен ажырагысыз байланышта текшерүү – 
жакшы натыйжаларды берет. 
Тилдин эң эле сезгич жана өзгөргүч өлүгү – сөздүк состав

Тилдин лек
сикасы турмуштагы күндөлүк болуп жаткан кубулуштарга жараша 
тынымсыз өзгөрүү абалында турат. Сөздүк составда өзгөрүүлөр болмоюнча, тилдин 
фонетикасында, андан ары тилдин морфологиясында жаңылыктар болушу мүмкүн 
эмес. 
Азыркы кыргыз тили Октябрь революциясынан кийин улуттук тилдердин 
катарында өзүнүн лексикасын тактап, баштагы оозеки тилден жазуусу бар адабий 
тилге айланып, өз алдынча өнүгө баштады. 
Кыргыз тилинин лексикасын И. А. Батманов «Краткое введение в изучение 
киргизского языка» деген эмгегинде беш катмарга бөлгөн: 
I катмар 
– VI
I кылымг
а чейи
н
ки
жалпы түрк сөздөрү; II катмар – түрк жана 
монгол 
тилдерине орток сөздөр;
III катмар – араб, 
иран т
илдеринен алынган сөздөр; IV катмар 
революцияга чейинки орус сөздөрү; V катмар – Революциядан кийинки орус 
сөздөрү. Бешинчи катмар жөнүндө ал мындай деген: «5. Сөз катмары, Октябрь 
революциясынан кийин кыргыз тилинин орус тили менен аралашуу процессинде 
кирген жана түзүлгөн. Аралашуунун биринчи этабында көп сөздөр фонетикалык 
өзгөрүүлөргө жолугушту, бирок кыргыз тилинин сөздүк запасынын сан жагынан 
болгон өзгөрүшүнүн артынан анын фонетикалык системасы да өзгөрдү»
1
. Ал 
фонетикалык кабыл алууну тилдердин аралашуусу (скрещивание) деп түшүндүргөн. 
Бул катмарлар хронология жагынан туура сыяктанганы менен эне тилдин 
базасында пайда болгон жаңы сөздөрдү өз ичине камтый албай калат.
Экинчиден
>
монгол тилдери менен түрк тилдеринин бөлүнү
шү
биздин за
манда
н мурда болгон 
деп, божомолдоо керек. Бул тилдердин тектештиги чын болсо, I менен II катмардын 
ордун алмаштыруу туура болот. 
Б. М. Юнусалиев кыргыз тилин үч доорго бөлгөн. Биринчи доору 
байыркы кыргыз 
тили (
IX–X кылымдарга чейинки мезгил, же орхон-енисей доору); экинчи доору – 
орто 
 
кылымдык кыргыз тили (X–
XVI кыл
ымдарга чейинки мезгил, б. а. алтайлыктар 
менен кыргыздардын тилиндеги окшоштуктар пайда болгон 
до
ор); үчүнчү доору – 
жаңы кыргыз тилинин мезгили. Мындай бөлүштүрүүнүн өз себеби бар. Байыркы 
кыргыз тили жөнүндө ал мындай дейт: «Енисейлик эстеликтердин тилин жалаң 
кыргыз тили гана эмес, башка жакын тектеш тилдерге да ошол эле даражада 
жакындатууга болор эле, анткени азыркы убактан байыркыны көздөй канчалык 
алыстаган сайын тектеш тилдер ошончолук бири-бирине жакындай 
түшөт
»
2
 – деп, 
енисейлик эстеликтердин тили тектеш тилдерге тең 
экендигин
жана 
азырк
ы 
тилдердин байыркыда бир экендигин айкындайт. 
А. Баскаков түрк тилдеринин тарыхын алты. доорго бөлүштүргөн: 
Алтай доору, 2. Хун доору (V кылымга чейин); 3. Байыркы түрк доору (V–X 
кылымдар); 4. Орто түрк доору, же негизги түрк тилдеринин өнүгүү жана түзүлүү 
доору (X–XV кылымдар); 5. Жаңы түрк доору же элдер тилинин өнүгүү жана түзүлүү 
доору (X–XIX кылымдар); 6. Жаңы доор, же Улуу Октябрь Социалисттик 
революциясынан кийинки түрк тилдеринин өнүгүү доору
3

М. З. Закиев: «Түрк жазуу адабий тилдерин тарыхый доорлорго бөлүштүрүү»
4
 
деген макаласында түрк тилдеринин тарыхын беш доорго бөлүштүрөт: 
1. Байыркы түрк тилинин доору, VI–X кылымдар; 2. Эски түрк тилинин доору, 
XI–XIV кылымдар; 3. Жергиликтүү тилдердин доору, XV–XIX кылымдар; 4. Айрым 
1
И. А. Б а т м а н о в. Краткое введение в изучение киргизского языка. Фрунзe, 1947, 60-бет.
2
Б. М. Юнусалиев. Кыргыз диалектологиясы, Фрунзе, 1971, 57-бет. 
3
Н. А. Баскаков. Тюркские языки, М., 1960, 28-бет. 
4
Советская тюркология журналы, № 5. Баку, 1975, 11-бет. 
www.bizdin.kg электрондук китепканасы


түрк улуттук тилдеринин доору, XIX–XX кылымдар; 5. Улуттук тилдердин өнүгүш 
доору, Улуу Октябрь революциясынан кийинки жылдар. Мындай бөлүштүрүүнүн өзү 
жогоруда көрсөтүлгөн Н. А. Баскаковдун бөлүштүрүүсүнөн көп айырмаланбайт. 
Кыскасын айтканда, Н. А. Баскаковдун классификациясы түрк тилдеринин 
тарыхына негизделген. Азыркы жашап турган тилдердин лексикасында төл сөздөр 
да, чет сөздөр да бар. Ушул жагынан караганда кыргыз тилиндеги сөздөрдү: 
1. Алтай тилдерине орток төл сөздөр; 2. Түрк тилдерине орток төл сөздөр; 3. 
Иран тилинен алынган чет сөздөр; 4. Араб тилинен алынган чет сөздөр
1
; 5. Орус 
тилинен алынган сөздөр – деп, беш катмарга бөлүштүрүү керек. 
Алтай тилдерине орток төл сөздөр негизинен хун дооруна чейин эле пайда 
болгон; аларды түрк, монгол, тунгус тилдериндеги лексикалык параллелдерден 
көрүүгө болот. Түрк тилдерине орток төл сөздөр деп, шарттуу түрдө, байыркы 
орхон-енисей текстинде учуратылган жана андан мурда колдонулуп келген төл 
сөздөрдү айтабыз. Алардын уңгулары негизинен алтай тилдерине барып кошулат. 
Мына ушунун өзү эле бул тилдердин тектештигин ырастайт. Кыргыз тилинин 
тарыхын үйрөнүүдө биз Ф. Энгельстин: «Эне тилдин пайда болушу менен бара-бара 
өнүгүшүнө байкоо жүргүзүп отурганда гана эне тилдин материясы менен формасы 
түшүнүктүү болот, бирок бул болсо, эгер, биринчиден, эне тилдин өзүнүн өлүк болуп 
калган формасына жана экинчиден, тектеш тирүү жана өлүү тилдерге көңүл 
бурулбаса, мүмкүн эмес
2
 – деген жобосуна таянабыз. Азыркы кыргыз тили
нин 
тарыхын үй
рөнүүдө биз байыркы түрк тилинен тартып, ушул азыркы тирүү тилдерге 
чейин салыштыруу методун колдонобуз. 


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   112




©melimde.com 2022
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет
Сабақтың тақырыбы
бойынша жиынтық
жиынтық бағалау
Сабақ тақырыбы
Сабақтың мақсаты
ғылым министрлігі
бағдарламасына сәйкес
тоқсан бойынша
бағалауға арналған
Сабақ жоспары
Реферат тақырыбы
сәйкес оқыту
жиынтық бағалауға
арналған тапсырмалар
оқыту мақсаттары
білім беретін
Қазақстан республикасы
бағалау тапсырмалары
республикасы білім
Жалпы ережелер
жиынтық бағалаудың
бекіту туралы
рсетілетін қызмет
Қазақстан тарихы
мерзімді жоспар
тоқсанға арналған
Қазақстан республикасының
болып табылады
арналған жиынтық
нтізбелік тақырыптық
жалпы білім
қызмет стандарты
оқыту әдістемесі
арналған әдістемелік
Мектепке дейінгі
Қазақ әдебиеті
Зертханалық жұмыс
бағалаудың тапсырмалары
Инклюзивті білім
пәнінен тоқсанға
білім берудің
тақырыптық жоспар
Әдістемелік кешені
Қысқа мерзімді
туралы жалпы
республикасының білім
атындағы жалпы
Жұмыс бағдарламасы
Қазақстанның қазіргі
пайда болуы
қазақ тілінде